Тайвандын өкмөтү бейшембиде өнөгөсүз өпкө илдетин жуктурган 65 оорулуу катталып, 8 киши жаңы вирустан каза тапканын билдирди. Тайпейдин өкүлдөрү буга чейин бир күндө мынча көп оорулуу катталбаганын айтышат. САРС вирусун жуктургандардын саны жагынан 3-орунду ээлеген Тайванда өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен бардыгы 500гө жакын адам жабыр тартып, 60ка чукул оорулуу көз жумду.