Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Кыргызстанда жер титиреди


БИШКЕК. 22-майдан 23-майга караган түнү саат 12ден 11 минута өткөндө кыргыз-казак чек ара аймагында жер титиреди. Жер титирөөнүн очогу катары Казакстандын Кыргызстанга жакын жайгашкан Луговое айылы аталды. Ал жерде силкинүүнүн күчү 6-7 баллга жетти. Ал эми Кыргызстандын аймагында силкинүүнүн күчү Таласта, Карабалтада 5-6 баллга, Сокулукта 5 баллга, Бишкекте 4,5 баллга жетти. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын борбордук «Бишкек» сейсмостанциясы кабарлады. Ал эми Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында жер титирөө мал-жанга эч кандай зыян келтирген жок.

XS
SM
MD
LG