Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Акыйкатчы президент А. Акаевге кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Парламенттеги бүгүнкү өкмөттүк саат учурунда депутаттар Аксы окуясында жабыр тарткан аялдардын арыз-муңун депутат Азимбек Бекназаровдун өтүнүчү боюнча угушту. Аны 75 жаштагы Үркүнбаева Камкаян айтып берди.
Бишкекке келген бул аялдарга байланыштуу Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Бишкек шаардык ички иштер кызматынын мыйзамсыз аракеттерин теске салууну суранып, кечээ президент Аскар Акаевге кайрылды. Президентке жолугуу максатында бараткан аялдарды милиция кызматы 16-майда күч колдонуу менен Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барып, айып такпастан 8 саат бою кармаган. Ага нааразылык билдирип, үйдө ачкачылык акциясында отурган аялдарды имараттын сыртынан курчап, кайтарууга алышкан. «Аксылыктарды 2002-жылдын октябрындагы депортациялоону жана кабыл алып бөлүштүрүүчү жайга кармоону эске алганда, мындай көрүнүштөр өнөкөткө айланып калды. Бул өз кезегинде жарандар менен күч структураларынын ортосундагы мамиленин татаалдашын шарттайт», деп айтылат кайрылууда. Акыйкатчынын жазганы боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи келгени, өзүнүн конституциялык укуктарын пайдаланууну каалаган жарандарга карата милиция кызматкерлеринин мамилеси начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG