Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Диний экстремизмди ооздуктоого арналган жыйын Жалалабадда өттү


ЖАЛАЛАБАД. Жыйынга Жалалабад, Базаркоргон, Сузак, Ноокен аймактарынын 200гө жакын жергиликтүү бийлик, тартип коргоо, Дин өкүлдөрү катышты. Республиканын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов жана башкалар мечит имамдарына «Хизбут-Тахрир» жашыруун партиясынын айырмасын, максат мүдөөсүн түшүндүрүп беришти. Жыл башында кармалган жашыруун партиянын 17 мүчөсүнөн Ислам халифатын курууга үндөгөн 306 баракча, 12 түрдүү китеп, журнал табылган. 13 адамга кылмыш иши ачылып, аталган уюм менен байланыш деп шектелген 865 киши байкоодо турат, 2 миңден ашык адам ал партиянын таасиринде жүргөндүгү айтылып келет.


Кабарлар топтомун Бишкекте даярдагандар: Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу

Редактору Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG