Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:54

ТЕМИРБЕК АКМАТАЛИЕВ: «БИЙЛИК ОРГАНДАРЫНЫН МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ ЭЛДЕН ЧЫНЫГЫ МААЛЫМАТТЫ ЖАШЫРЫП КЕЛЕТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 25-майда Ысыккөл жээгинде министрлик жана тармактардын маалымат кызматынын жетекчилери жана телерадио, басылма редакторлору, журналисттердин катышуусунда жыйын болуп, анын соңунда декларация кабыл алынды. «Ыссыккөл медиа декларациясы» аталган бул документ өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын иш багытындагы жана бийлик менен болгон мамилесиндеги жагдайларды ичине камтыйт.

Жыйында бийлик менен маалымдоо каражаттарынын ортосундагы мамилени жакшыртуу жолдору талкууга алынып, бул багытта чечилбей жаткан бир топ ой-пикирлер айтылды. Президенттик админстрациянын жетекчи орунбасары Темирбек Акматалиев базар экономикасынын учурунда массалык маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамда көптөгөн өксүктөр бар экендигин жашырган жок.

“Буга чейин кабыл алынган «Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзам базар экономикасынын шартында сөз эркиндигин толук кандуу камсыз кылууга жана журналисттерди менчик ээлеринин кысымынан коргоого келгенде учур талабына жооп бере албай калып жатат. Экинчи жагынан массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн мыйзам алдындагы жоопкерчилигин так аныктап алганыбыз оң. Ошол эле учурда өкмөттүк басылмалардагы материалдардын бир жактуулугу, алсыздыгы, расмий билдирүүлөр аркылуу актануу үчүн жасаган аракеттери элдин көңүлүн кайт кылып келгени жашыруун эмес. Тилекке каршы, бийлик органдарынын маалымат кызматы элден чыныгы маалыматты жашырып, аны өз жетекчисинин кызыкчылыгына төп келгендей берүүсү расмий маалымат булактарына карата карапайым калктын ишеничин жоготуп келет”,- дейт Темирбек Акматалиев.

Т. Акматалиевдин мындай жүйөлүү пикири жыйындын жүрүшүндө талкууга жем таштагандай болду. Акыркы жылдарда маалымат каражаттарынын арасында аркы өйүз, берки өйүз болуп бөлүнүп-жарылуулар, бири-бирин айыптоо, мазактоолор жүрүп келгени эч кимге жашыруун эмес. Мына ошондой тирешүүлөрдү болтурбоо үчүн жана маалымат каражаттарынын таасирин жогорулатуу максатында жыйын соңунда «Ысыккөл медиа-декларациясы» кабыл алынды. Журналисттердин Ысыккөл декларациясы келечекте бир топ талаш-тартыштарды жаратаары анык. Ал эми биз жыйынга катышкан «Агым» гезитинин кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбековдун пикирин билүү үчүн ага микрофон сундук.

«Журналисттердин Ысыккөл медиа-декларациясы мага анча көп жага берген жок,- дейт Жолдошбек Зарлыкбеков.- Себеби дегенде, андагы 12 пункттан турган кайрылуу өзү монотондуу болуп калыптыр. Анан көбүнчө журналисттердин милдети тууралуу эмес, бийликке кандайдыр бир кызмат кыласыңар деген ниетте болуп калыптыр да. Анын ичинен азыр миллион-миллион сомдук доо коюп жаткан чиновниктер болуп жатпайбы, ошолорду тыйганга мыйзамдык бир жол ачып берсе, анан 10% пошлинаны мыйзам тарабынан бекемдеп берсе деген гана пункту туура болуп, көңүлүмө төп келди. Бирок мындан жетиштүү бир тыянак чыгаарына ишенбейм».

Ысыккөлдөгү журналисттердин жыйыны бийлик менен маалымат каражат өкүлдөрүнүн ортосунда чечилбей келген көп маселе бардыгын дагы бир жолу ырастады. Бир жагынан «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезити сыяктуу эркин басылмалар сот өкүмү аркылуу чыкпай турушу, экинчи жагынан сөз эркиндигин талкууга алып, атайын декларация кабыл алган мындай жыйын өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын реалдуу абалын, күнгөй-тескейин көргөзүп турган күзгү сымал болууда. Декларация мындан ары өлкөдө сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кызмат кылабы, же ага бөгөт коюучу жагдайларды жаратабы, аны келечек көргөзөт.
XS
SM
MD
LG