Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстандын өкмөт башчысы Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт Үйүндө премьер-министр Николай Танаев Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жаңы директору Занг Шенгманды жана бул банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча башкармалыгы боюнча келечектеги вице-президенти Шигео Кацуну кабыл алды. Анда Дүйнөлүк Банк менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык маселеси талкууланды. Жолугушууда Николай Танаев Кыргызстандагы экономикалык, финансылык кырдаал боюнча маалымат берди. Май айынын баш ченинде Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 170 млн. доллар бөлүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG