Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Эртең өкмөт башчысы менен укук коргоочунун соту улантылат


БИШКЕК. Эртең Бишкек шаардык соту укук коргоочу Турсунбек Акундун апелляциялык арызын карай баштайт. Бул тууралуу бүгүн Турсунбек Акун өзү кабарлады. «Премьер-министр Николай Танаев былтыр сентябрь айында өткөн маалымат жыйынында «каерде Акунов болсо, ошол жерде тополоң, кан төгүү» деген сөзү менен адамдык арнамысыма шек келтирди» деп, Турсунбек Акун Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Ал өз пайдасына өкмөт башчысынан 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Бирок райондук сот 24-марттагы чечими менен укук коргоочунун арызын канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG