Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:27

ПАРЛАМЕНТ ӨЛКӨНҮН КООПСУЗДУГУНА БАЙЛАНЫШТУУ ТОКТОМ КАБЫЛ АЛДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Шейшембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасындагы коомдук коопсуздук жөнүндөгү» токтомду кабыл алды. Өлкөдөгү тартип коргоо органдарындагы кемчиликтер жана алардын ишине карата көзөмөлдү күчөтүү каралган бул токтом Аксы, Жалалабад окуяларына, Бишкектеги «Оберон» соода комплексиндеги жардыруу, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу сыяктуу кылмыштарга байланыштуу болду. Токтом долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук, тартип коргоо жана адам укуктары боюнча комитеттери тарабынан иштелип чыгып, палатада үч күн талкууланды.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары кабыл алган «Кыргыз Республикасындагы коомдук коопсуздук жөнүндөгү» токтомдо соңку мезгилде өлкөдө кылмыштуулук күч алгандыгы жана анын себептери белгиленип, тартип коргоо органдарынын иштиктүүлүгүн жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар айтылды. Токтомдо белгиленгендей, республикада акыркы кезде ири кылмыштардын жасалышы күч структураларынын ишиндеги кемчиликтерге, чиновниктердин арасында коррупциянын өнүгүшүнө, мамлекеттик бийлик тарабынан кылмыштуулукка каршы тиешелүү чара көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу болууда.

Акыркы жылдары тартип коргоо органдары кылмыштуулук менен күрөшүүдө жарандардын укуктары менен мамлекеттик түзүлүштү коргоодогу чабалдыгын гана эмес, өздөрүнүн коопсуздугун коргоого да алсыз экендигин көрсөтүштү. Кылмыштардын көбүнүн бети ачылбай келет. Кылмыштуулуктун күчөшү Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн коомдук коопсуздугун тиешелүү түрдө камсыздабай жатканын айгинелейт.

Жогоруда аталган токтомдун кабыл алынышына жана анда каралган маселелерге байланыштуу депутаттар ар кандай көз караштарын билдиришти. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевдин пикиринде, бир токтом менен коопсуздук маселеси чечиш мүмкүн эмес.

- Коопсуздук маселеси экономикага, кадрларга жана башка проблемаларга байланыштуу. Ошондуктан, муну жөнөкөй бир чечим менен ордуна келтириш кыйын. Бул, биринчиден, укук коргоо органдарынын иштөө шарттары, эмгек акысы, өздөрүнүн тазалыгы, кадрлардын профессионалдык деңгээли менен байланыштуу. Ошолор тийиштүү деңгээлде болмоюнча иш оңолбойт. Анан булардын жетекчилерин тез-тез башка жакка алмаштыра берген болбойт. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээли жогору болушу керек, - дейт Курманбек Бакиев.

Палатанын депутаты Абсамат Масалиев да, «тартип коргоо органдарынын иштиктүүлүгүн жакшыртыш үчүн аларга көзөмөлдү күчөтүү жана кадр маселесин караш керек» деп эсептейт.

- Биринчиден, өлкөнүн күч органдарынын жетекчилеринин баарын президент тандап, бекитет. Ошондуктан, алардын ишин президент көзөмөлгө алышы керек. Азыр маселе ошондо болуп жатат. Аларга болгон көзөмөл жетишсиз. Тез-тез алмаштырып, бирөө эми үйрөнүп келе жатканда, аны алып салып, башканы коюп атат - ошолорду токтотуу керек, бирок, жоопкерчиликти жогорулатуу зарыл. Ал эми парламентке алар баш ийбейт. Биз аларды кызматынан бошото албайбыз, жоопко тарта албайбыз. Экинчиден, тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларын жогорулатыш керек, - дейт Абсамат Масалиев.

Ал эми вице-премьер-министр Курманбек Осмонов бул токтомго байланыштуу мындайча пикирин билдирди:

- Албетте, тартип коргоо органдарында кадр маселеси - негизги маселе. Менин жеке пикиримде, көпчүлүк депутаттардын коомдук коопсуздук боюнча айткан сын-пикирлери жүйөлүү.

Токтомго ылайык, күч структураларынын жетекчилери ушул жылдын 23-июнуна чейин өлкөнүн коомдук коопсуздугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Мыйзам чыгаруу жыйынына билдирүүгө тийиш. Ал эми президентке тартип коргоочу жана мамлекеттик органдардын ишине көзөмөлдү күчөтүү, өлкөдөгү соңку ири кылмыштуу окуяларга байланыштуу алардын жетекчилеринин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экендигин тактоо ж.б. сунуш кылынды. Ал эми ички иштер органдарындагы кадрлар маселеси Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан күзүндө каралмакчы.

XS
SM
MD
LG