Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:47

Украинада жер миналарын коопсуздандырып, алардын калдыктарынан балдардын оюнчугун жасоо долбоору ишке ашырылды.


НАТОнун баш катчысы Жордж Робертсондун көрсөтмөсү менен долбоор былтыр июлда ишке ашырыла баштаган болчу. Куралдан оюнчук жасоо программасына АКШ, Канада, Нидерланддар, Мажарстан жана Польша салым кошушту. Натонун Украинадагы өкүлчүлүгүнүн айтымында, кечээ Донецк химиялык заводунда төртжүзмиңинчи жер мина коопсуздандырылып, анын калдыгынан оюнчук жасалды. Украина миналардын арсеналы боюнча дүйнө жүзүндө Кытай, Орусия жана АКШдан кийинки төртүнчү орунду ээлейт. Өкөдө дагы 7 миллион жер мина кала берүүдө. Каражаттын жоктугунан аларды жойууга мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG