Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Алжирде бүгүн кайрадан жер титирөө болду


Жабыркагандар тууралуу малымдалбайт. Кечээги жер титирөөдөн 200дөй киши жарат алды. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин айтымында, жаңы зилзаладан курман болгондор да бар. Жер титирөөнүн очогу Алжирден 70 чакырым чыгышыраак жайгашкан Земмури деген шаарчада болгон, ал жерде көптөгөн үйлөр кыйрап калды. Силкинүүнүн күчү Рихтер өлчөө системасы боюнча 5,8 даражага жетти. Өткөн жумада Алжирде болгон жер титирөөдөн 2200 киши курман болуп, 9 миңден ашык киши жарат алган.

XS
SM
MD
LG