Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Тартип коргоо органдары жыйын курууда


БИШКЕК. Кечээтен бери Бишкекте Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, тартип коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышкан үч күндүк семинар өтүп жатат. Анда диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү, массалык башаламандыктарды пайда кылчу жагдайлар иликтенип, алардын алдын алуунун жолдору талкууланууда. Семинардын катышуучулары борбордун көп эл чогулган жерлеринде болуп, жардыргыч заттар, «телефон террору» боюнча маалымат алышат. Бул тууралуу кабар бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG