Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

Кошмо Штаттардын президенти бүгүн сегиз күндүк сапарга аттанды


Бүгүн кечинде ал Польшага келип түшөт. Бул жерде Буш Краков шаарында болуп, коомчулук алдында сөз сүйлөйт. Эртең Санкт-Петербург шаарында майрамдык иш-чараларга катышат жана орус президенти Путин менен жолугат. Эвиандагы саммиттен соң Буш Жакынкы чыгышта бир нече күн болот. Сапардын маанилүү этабы катары Ак үйдүн өкүлдөрү Иорданиядагы жолугушууну атап жатышат. Бул жерде Буш жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен эл аралык “жол картасы” планын жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулайт. Буш өз сапарын Катарда аяктайт. Дохада ал америкалык аскерлердин базасында болот.

XS
SM
MD
LG