Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

СОТ РЕФОРМАСЫ: ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА АЛЫМЧА-КОШУМЧАЛАР


Кыргызстандын Конституциясы жаңылангандан аз өтпөй, мыйзамдарды ага ылайыктоо максатында үч комиссия түзүлгөн. Кылмыш-жаза, Жазык-процесс, Жарандык кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, Жогорку Сот жана жергиликтүү соттордун статусу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууну көздөгөн комиссиялар ушу тапта кызуу иш үстүндө.

Жаңыланган Конституцияга ылайык Жогорку жана Жогорку арбитраждык соттор биригип, ушу тапта жаңы ишти уюштуруунун түйшүгү күчөп туру. Андай биригүүдөн сырт калган Конституциялык Сот 1999-жылдын декабрындагы чечими менен Жогорку Соттун коллегия, президиум, пленумун “Башмыйзамга туура келбейт” деп таап, өзгөрүлгүс чечимин чыгарган. Улам-улам жаңыланчу Башмыйзамдын соңку редакциясында Жогорку Соттун андай кызматы баштагы калыбына келтирилди.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мыйзамдарды өзгөртүү, жаңылоо максатында президенттин атайын жарлыгы менен үч комиссия түзүлгөн. Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Курманбек Осмонов жетектеген комиссия кылмыш-жаза жаатындагы кодекстерди өзгөртүү милдетин алса, жарандык мамиле-катыштарды жөнгө салчу мыйзамдар президенттин парламенттеги атайын өкүлү Чолпонкул Арабаев жетектеген комиссия тарабынан иштелип чыгат. Жогорку Соттун төрайымы Неля Бейшеналиеванын комиссиясы соттордун статусу тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун үстүндө иштөөдө. Жаңы мыйзам парламенттин кош палатасынын кароосунан өтүп, эки ирет окуудан соң гана кабылданышы керек. Бир айдан кийин эки айлык каникулга тарачу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары аны жакын арада кабыл алып бериши күмөн. Палатанын сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында, Жогорку Сот жаңыланган Башмыйзамга ылайык иштей берсе болот.

- Жогорку Кеңешке бул мыйзамдар түшө элек, - дейт Азимбек мырза. - Бизде Конституция - түз колдонууга жатчу мыйзам. Анда Жогорку Сот тууралуу так жазылган, канча курамдан тураары, коллегиясы, пленуму – баары көрсөтүлгөн. Менин оюмча, алар Конституциянын чегинде деле убактылуу иштей беришсе болмок. Бирок негедир алар иштебей атышат. Мына биз, Жогорку Кеңештин эки палатасы, Конституцияга карама-каршы келбеген нормалар боюнча регламентибиз жок эле иштеп атпайбызбы. Жогорку Сот деле ошентип иштешине Конституция жол берет. Бирок алар өздөрү иштебей атышпайбы. Биз каникулга кеткиче «Жогорку Сот жана жергиликтүү соттордун статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алып койсок жакшы болоор эле.

Жогорку Соттун судьясы Султангазы Касымов “ушу азыр деле үчүнчү бийлик башчылары бош отурган жери жок” деген пикирде.

- Конституцияга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргенден кийин мыйзамдардын баары жаңыланышы керек, - дейт Султангазы мырза. - Ал жөнүндө үч топтон турган комиссия түзүү тууралуу президенттин атайын жарлыгы чыккан. Мисалы, мен ошонун ичиндеги Жазык-процесстик, Кылмыш-жаза, Аткаруу, Административдик жоопкерчилик боюнча кодекстерге өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү комиссиясына кирип, алардын баарын иштеп чыкканбыз. Эми анын баары даяр болгону менен, ал түз эле Мыйзам чыгаруу жыйынына жөнөтүлбөйт. Анын баары президенттик аппараттын укук бөлүмүндө каралып, анан тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго таратылып, алардын корутундусу алынат. Алардан алымча-кошумчалар кириши мүмкүн. Ошондон улам Жогорку Соттун иши азыр токтоп турат. Бирок, токтотулуп калып, бардык ишти карабай калган жерибиз жок. Аны иш жүзүнө ашырчу токтом, аныктама даярдабаганыбыз менен, бардыгын азыр даярдап жатабыз. Бизде, балким, 500-600 иш бардыр. Бирок алардын баары судьяларга бөлүнгөн. Алардын баарын окуп, азыр судьялар даярдап турушат.

Мыйзам жазуу, аларды ыраатка салуу - оңбогондой оор түйшүктү талап кылган жумуш. Социализм тушунда кыргызстандык мыйзамчылардын милдети Москвадан иштелип, даяр келген мыйзамдарга республиканын атын коюу менен чектелчү. Ушу азыр деле кыргыз мыйзамчылары орусиялык кесиптештеринин тажрыйбасын эсепке алып, жаңы мыйзам токуп келатышат. Мезгил, шарт өзгөрүлгөн сайын мыйзамдар да жаңыланып турушу абзел.

XS
SM
MD
LG