Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

БИЙЛИК КҮЧҮНҮН АЯЛУУ ЖЕРИ, КӨЗ БОЕМОЧУЛУК, М.АКАЕВАНЫН КИТЕБИ


Кыргыз басылмаларында күч колдонуу органдарынын ишиндеги олуттуу мүчүлүштүктөр, канадалыктардын «Кумтөр» алтын кенине толук ээ болуу аракети, президенттин жубайы Майрам Акаеванын жаңы китебине куттук айтуулар арбын жазылды.

Кылмыштуулук кырга чыгып, күч колдонуу органдарынын аларга каршы турууга чама-чаркы жетишпей калганы 30-майдагы «Вечерний Бишкек» гезитинде Асел Оторбаеванын макаласында баяндалды. Автордун жазганына караганда, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 35 миңден ашуун кылмыш катталат. «Милиция жетекчилеринин айтымында, кылмыштардын саны жыл санап кыскарууда. Бирок андай жооткотмо жоопко эч ким ишенбейт», дейт макала автору. Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу, «Оберон» базарындагы, Оштогу май куюу жайындагы жардыруу, жакында эле Бишкектеги кайсы бир офистеги жардырууну айтпаган күндө да 8 адамдын күпкүндүз шаар, облмилийсакананы тоноп кеткеничи. Кыргызстанда 8 күч колдонуу структурасы бар. Мындан ары Чек ара кызматы да оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүүгө укуктуу. «Кыргызстан эмес эле өзүнчө полиция мамлекети, - деп жазат макала автору. - Бирок дал ушул шартта кылмышкерлер гана ээн-жайкын жүрө алат».

Гезиттин ушул эле санында «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы бүдөмүк иштерди баяндаган макала жарыяланган. Чет элдик маалымат булагынан алынган макалада кыргыз-канадалык «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча башкы келишим Канада тараптын кызыкчылыгына карап түзүлгөн. 8 жылдан бери иштеп аткан кенден Кыргызстан азырынча бир тыйын да пайда көрө элек. 1996-жылы долбоор 175 миллион долларга кымбаттаган, анын 75 миллиону кайда жумшалганы түшүнүксүз. Жаңыдан Башкы келишим түзүлүп атканда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адокаттык конторанын башчысы эки жыл өтпөй «Кумтөр» компаниясынын жетекчиси Лен Хоменюкка турмушка чыгып отурбайбы. Эми болсо канадалыктар кенди толугу менен сатып алуу аракетине өтүштү. Канадалыктар кыргыз өкмөтүнө 57 миллион доллар убада кылышууда.

«Кыргыз туусу» гезити апта соңундагы санында президенттин жубайы Майрам Акаеванын жаңы китеби тууралуу Мундузбек Тентимишевдин макаласын жарыялады. «Бул китеп – эс тутум улуулугуна баш ийген Атажурт патриотунун китеби», деп жазат ал. М. Акаеванын «Үмүт түнгө карабайт» деген жаңы китеби Москвадан чыккан.

«Кырчын» журналынын 50 жылдыгына арналган, басылманын башкы редактору акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун макаласы да гезиттин жаңы санында жарыяланган. ««Кырчындын» бычак мизинде турган тагдырына кайдыгер карабаган, кыргыз элинин каржалбаган демократы, жазуучу Казат Акматов эт-бетинен түшүп, тике турбаганда, сөздүн чыны журналга кыйын эле болмок, - деп жазат ал. - Анткени кыргыз балдар басма сөзүн басмырлаган, анын улуттук журналистикада ээлеген ордуна жеткире маани бербеген айрым аткаминерлердин азабынан 1998-жылы «Кырчын» эле эмес, кыргыз балдарынын үркөрдөй үч басылмасынын күрөө тамыры алеки саатта кыркылып калаары анык эле».

Жума күнкү «Эркин тоо» гезитинде Санкт-Петербургдун 300 жылдык мааракесине арналып Бишкекте өткөн салтанаттуу жыйындан репортаж жарыяланган. Гезитте М.Акаеванын жаңы китеби, парламент отуруму тууралуу кабарларга орун берилген.

Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракесинин даярдыгы кандай жүрүп жатканы тууралуу жума күнкү «В конце недели» апталыгында шаар башчы Медетбек Керимкулов айтып берди. М.Керимкуловдун сөзүнө караганда, мааракеге чейин Эркиндик, Жаш гвардия сейил бактарынын жолуна таш төшөлүп, Улуттук университеттин алдындагы сокмо жол жаңыртылат. Шаардын четиндеги 25 жаңы айылда 100 миңден ашуун улутташтарыбыз жашайт. Шаардын ар бир бешинчи жараны жумушсуз, алардын каттоодо тургандарынын саны 180 миң. Бишкекте иштеген жапан жараны Ито Хиронори - кыргыздын күйөө баласы, кыргыз-жапан тилдеринин салыштырма грамматикасы боюнча адис. Илимпоздун маеги гезиттин жаңы санында жарыяланган. «Жапон жана түрк тилдеринде сүйлөм курулушу, сөз түркүмдөрүнүн кызматы, сөздүн тике жана өтмө мааниси жагынан бир топ окшоштуктар бар», дейт Ито мырза.

Жума күнкү «Заман Кыргызстан» гезитинде Чыңгыз Айтматовдун балалык кезин баяндаган китептен үзүндү жарыяланган. Чөжүрөгөн үй-бүлө үмүт артып отурган жалгыз саан уйунан ажырап калганы, улуу жазуучунун уруш учурундагы балалыгы элестүү баяндалган.
XS
SM
MD
LG