Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Кыргызстанга «Фридом хаус» эларалык уюмунун делегациясы келет


БИШКЕК. 5-июнда Кыргызстанга адам укугун коргоо боюнча эларалык «Фридом хаус» уюмунун аткаруучу директору Женнифер Уиндсдор жана «Rights» программасынын директору Лиза Дейвис келет. Алар Бишкекте жогорку бийлик өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушуп, адам укуктарынын сакталышы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Фридом хаус» уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. «Фридом хаустун» өкүлдөрү бир катар иш чараларга, алардын ичинде Кыргызстанда маалымат эркиндигин кысмакка алуу маселеси боюнча «тегерек үстөл» жыйындарына катышат.

XS
SM
MD
LG