Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

БАҢГИЧИЛИК, СПИД - САКТАНЫШТЫН ЖОЛУ БАРБЫ?


Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жуктуруп алган иммунитет таңкыстыгы (СПИД) дартына чалдыккандардын саны төрт жүздөн ашты. Республикада 5 миңге жакын баңгичилер катталган. Адистердин айтымында, дартка чалыдккандардын саны мындан 2-3 эсе арбын. Кылым дартына кабылгандардын саны КМШ өлкөлөрүндө жылдан-жылга кескин көбөйүп баратат. Сөздү Бишкектен Бекташ Шамшиев улайт.

Республикалык СПИД бирикмесинин директору Борис Шапиронун айтымында, айыкпас дарттан ириде адам өзү сактанышы керек.

«Алыска барбай эле Казакстанды алалы, расмий маалымат боюнча ал жерде СПИДге чалдыккандардын саны 4 менен 5 миңдин ортосунда. Темиртау шаарында 1000 ашуун адам дартка кабылган. Бизде болсо 420 учур катталган. Бирок мен ачык айтып коюшум керек, мен дартка кабылгандар 400 тегерегинде гана адам деп так айта албайм. Билинбеген бу дартка канча адам кабылганын так айтыш кыйын. Организмдин өзүн-өзү коргоо мүмкүнчүлүгү жоголуп, иммун таңкыстыгы дартына кабылган адамды аныктап чыгыш оңой эмес. Бул жерде белгилүү үчилтик: баңгичилик, тазаланбаган ийне, Вич инфекциясы, аягы айыкпас өпкө оорусу менен бүтөт. Өпкө ооруусу бизде көп», - дейт Борис Шапиро.

Айыкпас дартты жуктуруп алуунун жолу деле белгилүү: ойкелди жыныстык катнаштан, тазаланбаган ийнеден, үчүнчүсү оорулуу энеден боюндагы баласына кан аркылуу өтүшү. Борис Шапиронун айтымында, Кыргызстанда биринчи СПИД дартына чалдыккан оорулуу 1987-жылы аныкталган. Африкадан Кыргызстанга учкучтар окуусуна келген чет элдик жарандардан табылып, алар өлкөсүнө кайтарылган.

1996-жылга чейин СПИД кыргызстандыктарды кыйгап өтүп келсе, 2000-жылы андайлардын саны 14 чыкты. «2001-жылдын январынан тарта СПИДге чалдыккандардын саны бизде ыкчам көбөйүп кетти,- дейт Борис Шапиро.- Болгондо да түштүктө. Ал жерден баңги жолу өтөт. Жаныбыздагы кымбатбаа кошунабыз Ооганстандан оголе көп баңгизаты аркандай жолдор менен бизге келет, ошонун оор зыяны мына эми көрүнүп атат».

Борис Шапиронун айтымында, СПИД дарты КМШ өлкөлөрүндө ыкчам таралууда. Орусияда дартка чалдыккандардын саны миллионго жакындап калды, Украинада 500 миңге жакын, Өзбекстанда 2 миң ашуун адам айыкпас дартка чалдыгышкан. Дарттан сактануунун бир гана жолу бар – ал калктын сергек жашоого көнүүсү. Кийинки кездери Борис Шапиронун жетекчилиги менен жазылган мугалимдерге арналган китеп катаң сынга туш болууда. Улуттук менталитетти баарынан жогору койгондор китептеги жыныстык катнаш коопсуздугу жөнүндөгү кеп-кеңешти уяттуу деп эсептешет. Республикалык СПИД бирикмесинин эпидемиологиялык бөлүмдүн башчысы Айгүл Исмаилованын айтымында, «сергек жашоо ыңгайын көрсөткөн ал китеп үч тилде: кыргыз, орус, өзбек тилинде жарык көргөн. Китеп 20 темадан турат. Анда тамеки тартуу, аракечтик, денени таза кармоо жөнүндө кеп болот. Жыныстык катнашка эки тема арналган. Жыныстык катнаш, секс коопсуздугу темаларынын айланасында ушу тапта аяк-башы жок талаш чыгып атпайбы. Аны көрүп Билим министрлиги китепти колдонуудан алып койду. Бул, менин оюмча, туура эмес».

Кыргызстанда СПИД дартына чалдыккандардын саны кийинки үч жыл ичинде кескин арбыды. «Бардыгы болуп бүгүнкү күндө 419 адам катталды,- дейт Айгүл Исмаилова. - Бизде 5 миңден ашуун адам баңгичиликке берилген деп расмий катталгандар. Алардын 80% ийне сайынышат. Чындыгында бул ооруга туш болгондордун саны 10 эседен көп».

СПИД бирикмесинин диспансер бөлүмүнүн башчысы Динара Иманалиева дартка чалдыккандарды аныктоонун жолу тууралуу мындай маалымат берди. «Азыркы күндө биз ооруканага түшкөндөрдүн баарын тең эле СПИДге текшербейбиз. - дейт ал. - Кээ бир контингенттерди сөзсүз изилдешибиз керек. Алардын арасында донорлор, наркомандар, анан оорунун клиникасы СПИДге окшош болсо гана кан алабыз».

XS
SM
MD
LG