Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Тегеран ядролук программасын коргоду


Иран өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, анын ядролук программасы өлкөнүн электр кубатына болгон тартыштыгын камсыздоого багытталган.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид-Реза Ассефинин өкмөттүк ИНРА жаңылыктар агенттигине айтышынча, Ирандын ядролук долбоору ачык жана Эл аралык атомдук агенттик-МАГАТЭнин туруктуу көзөмөлү астында турат.
Эвиандагы саммиттин соңунда “Чоң сегиздин” мүчөлөрү Иранды ядролук программасын массалык кыргын салчу куралдарды жасоо үчүн пайдаланбоого чакырган.
Россиянын президенти Владимир Путин Эвианда Тегерандын ядролук программасы эл аралык контролдун астында болушу керек деп, бирок Россия Иранда атомдук электр станцияны курууну токтотпосун билдирген:

- Биздин оюбузча, ядролук куралдарды жайылтпоодо МАГАТЭ сыяктуу уюмдар негизги ролду ойношу шарт. Биз Ирандын бардык ядролук программалары бул уюмдун көзөмөлү астында болушун талап кылабыз.

АКШ бийликтери Тегеран жашыруун түрдө ядролук куралдардын үстүнөн иштөөдө деп шектенип, Россияны Ирандын Бушер АЭСин курууга жардамдашуусун токтотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG