Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Вашингтон Палестин лидери Ясер Арафатты кабинет башчысы Абаска “бут тоспоого” чакырды


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Палестинанын лидери Ясер Арафатты автономиянын премьер-министри Махмуд Абастын “Жол картасы” планын аткаруусуна бут тосуудан этият болууга чакырды.
Пауэлл эскертүүнү АКШ президенти Буш жана араб өлкөлөрүнүн лидерлери Мисирдин Шарм эл-Шейх курортундагы жолугушууда тынчтык планын колдоорун ырасташкандан кийин жасады.
Пауэлл ошондой эле Арафат палестиналыктардын кызыкчылыгына жараша иш кылуусу абзел деп билдирди:

- Менин пикиримче, мырза Арафат бүгүнкү күндүн маанисин түшүнбөсө, өтө эле жаман болот. Келерки күн да өтө маанилүү экенине мен ишенем: биз палестиналыктардын мамлекетинин пайдубалын түптөп жатабыз.

АКШ өкмөтү Арафатты Жакынкы Чыгыштагы сүйлөшүүлөрдөн четтетүү максатында Шарм эш-Шейхтеги саммитке чакырбай койгон.
Ясер Арафат өз өкмөтүнүн премьер-министри Махмуд Аббас, президент Буш жана Израилдин премьери Ариель Шарон ортосунда бүгүн болчу кездешүүгө да катышпайт.

XS
SM
MD
LG