Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Атбашы районунда 800дөн ашуун үйдү суу капташы мүмкүн


НАРЫН. Бүгүн Атбашы дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүп жаткан «Нарынкурулуш» акционердик коомунан алынган маалымат боюнча, акча каражаттарынын жана күйүүчү майдын өтө кечиктирилип бөлүнүшү ишти кечеңдетүүдө. Ушундан улам жээкке жакын жайгашкан 800дөн ашуун үйдү суу каптап кетүү коркунучу сакталып турат. Премьер-министр Н.Танаев Атбашы районунда болгон учурда акча каражаттарынын жана күйүүчү майдын өз убагында бөлүнүп турушуна көзөмөл жүргүзүүгө убада берип кеткен. Бирок, ал убада аткарылбай, бөлүнө турган 2 миллион сомдун 100 миңи гана которулган. Азыр жээктерди бекемдөө иштери улантылууда.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG