Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Оппозициялык кыймыл Бишкекте жыйын өткөрдү


БИШКЕК. «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы бүгүн жыйын өткөрүп, анда кыймылдын мындан аркы ишмердүүлүгү талкууланды. Жыйындын катышуучулары парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярданууну сунуш кылышып, июль айынын башында Каракулжа же Өзгөн районунда Үчүнчү элдик курултайды өткөрүүнү белгилешти. Андан тышкары, жыйында кыймылдын Кыргызстанды социалдык-экономикалык жана саясий жактан кайра куруу концепциясынын долбоору жарыяланды. Эми ал концепция Үчүнчү элдик курултайда кабыл алынууга тийиш. Бүгүнкү жыйынга кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Алевтина Проненко, Бектур Асанов, коммунисттердин лидери Клара Ажыбекова, укук коргоочу Турсунбек Акун жана башкалар катышты.

XS
SM
MD
LG