Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

«Freedom Hоuse» уюму Кыргызстанда адам укуктары боюнча жагдайды жакшыртууну каалайт


БИШКЕК. Бүгүн «Freedom Hоuse» уюмунун демилгеси менен Бишкекте укук коргоочулардын жана журналисттердин семинары башталды. Семинарда Кыргызстанда адам укуктары боюнча жагдайды жакшыртуу маселелери талкууланып, анын негизинде кыргыз өкмөтүнө атайын сунуштар даярдалат. Сунуштар негизинен түрмөлөрдөгү, убактылуу кармоочу жайлардагы адам укуктарына, чогулуш эркиндиктерине байланышкан маселелердин айланасында болот. Семинар ишин эртең аяктайт. Ал эми бүрсүгүнү Бишкекке эл аралык «Freedom Hоuse» уюмунун аткаруучу директору Женифер Виндзор келмекчи. Иш сапарынын учурунда ал Кыргызстанда иштеп жаткан эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, журналисттер менен жолугушат. Ошондой эле анын кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен да жолугушуулары күтүлөт. Уюмдун аткаруучу директорунун иш сапары 8-июнга чейин уланат.

XS
SM
MD
LG