Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

ЖАНКЕЧТИ АЯЛДЫН МОЗДОКТОГУ БОМБА ЧАБУУЛУ


Бейшемби күнү Россиянын курамындагы Түндүк Осетиянын Моздок шаарына жакын жерде россиялык аскерлерди тейлеген автобус жардырылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан 15 адам, анын ичинде сегиз аскер курман болду. Дагы 12 адам жараат алды. Ырасмий бийликтердин айтымында, темир жолдон өтүп бараткан автобусту аял-жанкечти жардырган. Осетин бийликтери жардырууну террорчулук деп баалады.

Россия федерациясынын орун басар прокурору Сергей Фриднинскийдин сөзүнө караганда, “Жанкечтинин ким экенин жакын арада тактап болбойт. Анткени, жанкечти аялдан эч нерсе калбаган”.
Россиялык учкучтарды жана техникалык кызматкерлерди ташыган автобус Моздоктон 6 чакырым жердеги авиабазага бараткан. Автобус темир жолго жете берип жайлай түшкөндө, ак халатчан жанкечти аял автобуска жакындай берип, “Алла Акбар” деп кыйкырып туруп өзүн өзү жардырган деп билдирет Ички иштер жана Коргоо министрликтери.
Ал эми Фриднинский автобус авиабазага жете берердеги соңку аялдамага токтогондо жардырылган дейт.

Түндүк Осетиянын чукул кырдаалдар боюнча министри Борис Дзгоевдин маалыматы боюнча автобустагы 27 адамдын 15и өлүп, калган 12 адам жарадар болгон. Мерт болгондордун арасында аялдар да бар.
Федералдык бийликтер Чеченстанга чектеш республикадагы бомба чабуулун террорчулук катары баалашты.
“Вашингтон Пост” гезити болсо чабуулду чечен жикчилери уюштурган болуш керек деп боолгойт.

Май айынын 12де арасында бир аялы бар жанкечтилер тобу Чеченстандын түндүгүндөгү Знаменское шаарчасындагы административдик имаратты жардырып, 59 адамдын өмүрү кыйылган. Андан эки күндөн кийин башка бир аял өзүн жардырып, кеминде 16 адамдын өмүрүнө забын келтирген.
Чечен козголоңчулары алгачкы жолу жанкечтилик чабуулун 2000-жылдын 7-июнунда уюштурган. Мозодоктогу соңку чабуулду кошкондо чечен адаватчылары сегизинчи ирет жанкечтиликке барышты.

Бул фактылар чечен козголоңчулары палестиналык согушчандар израилдиктерге каршы колдонгон тактикага өтүшкөнүн күбөлөйт. Башын өлүмгө сайган жанкечтилердин бомба чабуулуна чейин чечен козголоңчулары көбүн эсе россиялык аскерлерге буктурмадан кол салышчу.
Байкоочулардын айтымында, жикчилердин соңку чабуулдары март айында Чеченстанда өткөрүлгөн референдумга жана куралын ыктыярдуу таштаган согушчандарга мунапыс берүү сунушуна карабай, коогалуу республикада тынчтык орнотуу жеңил болбосун көрсөтөт.

Референдум Чеченстанды Россия Федерациясынын ажырагыс бөлүгү деп тааныган. Анын артынан эле президент Путин үч жарым жылдан берки согуш токтоду деп жарыялаган.
Чечен адаватчыларына берилчү мунапыстын шартын Мамлекеттик Дума шаршемби күнү биринчи окуудан өткөрдү жана үстүбүздөгү аптанын соңунда бекитет деп күтүлүп жаткан.
Путиндин Чеченстанда тынчтык орнотуу стратегиясы Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан колдоого алынган.
Бирок, укук коргоочулар менен байкоочулар, мунапыс адаватчылардын аз гана бөлүгүнө берилет, ал эми Чеченстанда кылмыш жасаган аскерлер менен милиция кызматкерлери үчүн эч кандай жоопкерчилик каралбаган дешет.

Орус маалымат каражаттары Чеченстандын чек арасынан алыс эмес жердеги Моздок аэродрому чечен жикчилеринин өңүттөрүн бомбалоо үчүн пайдаланылгандыктан, террордук чабуулдан кооптонгон аскерлер аны өтө этият корголгонуна көңүл буруп, бейшемби күнкү жардыруу Чеченстандан тышкары жактагы россиялык аскерий обьектиге каршы жасалган биринчи чабуул экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG