Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Грузиянын Кодор капчыгайында ООНдун үч кызматкерин издөө иштери уланууда


Кечээ ООНдун аскерий үч байкоочусун белгисиз күчтөр уурдап кетишкен эле. Барымтачылар байкоочуларды коштоп жүргөн россиялык аскерлердин курал-жарактарын тартып алып, өздөрүн кое беришкен. Грузиянын бийликтери билдирген маалыматтар боюнча, атайын күчтөрдүн отряддары азыр капчыгайды сыдыра тинтип, ООНдун аскери байкоочуларын жана алардын тилмечин издеп жатышат. Буга чейин да аталган капчыгайда ООНдун башка бир өкүлдөрү эки ирет уурдалып кетип,атайын сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган эле. Бул жолу барымтачылар эч ким менен байланышка чыккан жок жана өздөрүнүн талаптарын койгон жок.

XS
SM
MD
LG