Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИНИН АЗАЙЫШЫ, ЧЕК АРА ТОСМОСУ, ПУШКИНДИН МАЙРАМЫ


Апта соңундагы кыргыз басылмаларында көбүнесе чек ара маселелери, Өзбекстандагы кыргыздардын абалы, Тажикстан менен суу-энергетика тармагындагы кызматташуу, улуу орус акыны Александр Пушкиндин туулган күнү арбын чагылдырылды.

Өзбекстан бийлиги өз өлкөсүндөгү аз улуттарды түзгөн элдердин эне тилинде билим алышына, маданиятынын, каада-салтын өөрчүтүшүнө жетиштүү көңүл бурбай келатканына «Кутбилим» гезитинин жаңы санында Азамат Салиев токтолду. Кыргыздардын кыйласы Өзбекстанда жашайт, республикада болсо жыл сайын кыргыз мектептеринин саны азайып баратат. «Азыр Тажикстанда 54 кыргыз мектеби бар, - деп маалымдайт автор. - Ал эми Өзбекстандагы 102 кыргыз тилиндеги мектептер жакынкы эле жылдарда дээрлик эки эсеге азайган – азыр мурдагы 102 мектептен 58 мектеп гана калып, алар да Өзбекстан толук бойдон латын алфавитине өтүп кеткендигине байланыштуу мурдагы кириллицада кала беришти». Өзбекстанда кыргыз мектептери үчүн окуу китептери басылып чыкпайт. «Бул… ар нерсени өз аты менен атай турган болсок, ассимиляция процесси тереңдеп баратканынан кабар берип турат», - деп жазат автор.

Кыргызстандын Баткен облусунда жашагандар чек ара көйгөйүн күн сайын жон териси менен сезип, жер менен суунун баркын башкаларга караганда жакшы түшүнүшөөрү Эрлан Сатыбековдун «Тосмо» деген жол очеркинде баяндалган. «Вечерний Бишкек» гезитинин жума күнкү санында жарык көргөн ал материалда автор Өзбекстан чек араны бойлой мина койгону аз келгенсип, эми тикендүү зым тосмо менен кашаалаганына токтолгон. Ортодо уруш болбосо, коңшулаш эки элдин каттамын татаалдантып, темир тор коюунун артында кандай сыр бар? «Бир тууган эки эл, түбөлүк достук сыңары түшүнүктөр ушунчалык борпоң, кооптуу болорбу?» деп суроо коет автор.

Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин урук-туугандарынын айрымдары Бишкекте жашаарын ушул эле гезит маалымдады. Александр Тузовдун жазганына ынансак, мурунку учкуч Евгений Пушкин Бишкектин Күрөңкеев көчөсүндө жашайт, насили Петербургдан, ага-туугандарынын көбү Ленинград камалоосунда каза болушкан. Улуу акын кыргыз-кайсак уруулары жайгашкан жерлерге кызыгып, ал тууралуу адабияттар менен жакшы тааныш болгондугу жөнүндө маалыматтар бар.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин Тажикстандын башкалаасы Дүйшөмбүгө иш сапары кандай өткөнү Токтомуш Өскөновдун «Кыргыз туусу» гезитинин жума күнкү санындагы макаласында баяндалган. «Өкмөт башчысынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Баткен менен Лейлектин бир топ жерлерине Тажикстан тараптан суунун үзгүлтүксүз берилиш маселеси чечилди», деп маалымдайт макала автору.

«Эркин тоо» гезитинин апта аягындагы санында адвокат Токторбек Ашыркул уулунун маеги жарыяланды. Анын айтымында, майда кылмыштар үчүн кесилгендердин арасында башка улуттагылардын саны аз. «Менин байкашыма караганда, андай учурлардын көпчүлүгү жарым жылдыктан бир аз убакыт мурунураак, тогуз айдын бүтөөрүнөн мурун жана жыл аягы жабылаарда көбөйүп кетет. Демек, муну кылмыштын санын жасалма көбөйтүү деп койсо болот», деп жазат автор.

Апта соңундагы «Заман Кыргызстан» гезитинде илимпоз Сулайман Рысбаевдин улуу акын Токтогул тууралуу макаласы жарык көрдү. Автордун пикиринде, Токтогул 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшүнө түздөн-түз катышкан эмес, бирок орустун колониялык бийлигине каршы чыккан элдин колбашчысы Мадали эшенге кол берген. Өз мезгилинин прогрессивдүү ойчул акыны колониялык бийликтин катаалдыгын, карапайым калктын кош эзүүдө калганын чыгармаларында тартынбай ырга кошкон.

Гезиттин ушул эле санында Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаевдин «Баткендиктердин 60% кембагал» деген маеги жарыяланган. «Ортолукту коңшулар кумурска өтпөгүстөй жаап салып, ошо арага мина көмүшү ырасында айрым кырсыктарга себеп болууда, - дейт Баткен облус губернатору. - Жакында эле бир малчынын мерт болушу жергиликтүү калктын нааразылыгын туудурду».

«В конце недели» апталыгынын жаңы санында ушу тапта уюшулгандыгынын 50 жылдыгын белгилеп жаткан «Азаттык» радиосунун иши тууралуу айтылуу үналгынын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегиндин маеги, «Азаттыктын» кыргызча берүүлөрүн уюштургандардын бири Азамат Алтайдын радио тууралуу эскерүүсү «Заман Кыргызстан» гезитинин жаңы санында жарыяланды.
XS
SM
MD
LG