Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Франциялык этнографтар Нарында чоң уруулардын тарыхын изилдөөгө киришти


НАРЫН. Бүгүн Кыргыз улуттук илимдер академиясынын франциялык окумуштууларды коштоп жүргөн илимий кызматкери Бакыт Амановадан алынган маалымат боюнча, изилдөөлөрдүн негизги максаты - Нарын облусунун аймагындагы сарбагыш, саяк, моңолдор жана тынымсейит сыяктуу ири уруулардын кыргыз тарыхындагы ролун жана салымын аныктоо. Окумуштууларды уруулардын тарыхый өзгөчөлүктөрүнөн тышкары, алардын канынын ДНКсы да кызыктырат экен. Бул үчүн алар кандын анализин дароо аныктоочу лабораториялык жабдуу ала келишкен. Изилдөөлөрдүн натыйжасы дүйнө элдеринин тарыхына жана энциклопедиясына киргизилет.

XS
SM
MD
LG