Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

ММКга байланышкан мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын коомдук бирикмелер жана маалымат саясаты боюнча комитети АКШнын Улуттук демократиялык институтунун көмөгү менен «Кыргызстандагы көз карандысыз эркин массалык маалымат каражаттары» деген темада парламенттик угуу өткөрдү. Анда Кылмыш-жаза кодексинин, «Мамлекеттик жыйым жөнүндөгү» мыйзамдын массалык маалымат каражаттарына тиешелүү беренелерине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды. Кылмыш-жаза кодексинин ушак-айың тараткандыгы үчүн үч айдан алты айга же үч жылга чейин түрмөгө кесүүгө негиз берчү 127-беренесин толук алып салуу, 44-беренесиндеги «20дан 1000 минималдык айлыкка чейин айыппул салынат» деген жобосун «10дон 2000 минималдык айлыкка чейинки айыппул салынат» деп алмаштыруу сунушталды. Ал эми «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндөгү» мыйзамдын 4-беренесине «доогер жоопкерден алууну каалаган айыппулдун 5%, доосунда аны көрсөтпөсө бир минималдык айлык ченеминдеги жыйым алынсын» деген норманы киргизүү тууралуу сөз болду. Талкууга катышкан тараптар бул боюнча бир чечимге келишкен жок жана долбоор күзүндө да каралмак болду.

XS
SM
MD
LG