Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Спирт ичимдиктери Кыргызстандын бюджетине улам көбүрөөк киреше берүүдө


БИШКЕК. Бүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен алкоголь ичимдерин чыгаруучу ишкана жетекчилеринин кеңешмеси болду. Анда айтылган маалыматка караганда, спирт ичимдерин чыгаруучу тармактан бюджетке түшкөн каражаттын көлөмү жыл сайын өсүүдө. Маселен, 2000-жылы 376 миң декалитр арак чыгарылып, бюджетке 108 млн. сом түшсө, былтыр 2 млн. 406 миң декалитр өндүрүлүп, казынага 504 млн. сом түшкөн. Ушундан улам өкмөт бул тармактагы өндүрүштүн көлөмүн ушул калыбында кармап калууга тийиш. Өндүрүш жетекчилеринин айтымында, ал үчүн бир гана жолу чапталчу акциз маркасын чыгаруу, анын акысын төлөө мөөнөтүн бир айга чейин узартуу жана жасалма арак жасап саткандарга берилчү жазаны Кылмыш-жаза кодексинде күчөтүү зарыл.

XS
SM
MD
LG