Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Бишкекте ЭКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) мүчөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин XIII жыйыны болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Иран, Пакистан, Түркия, Азербайжан, Ооганстандан келген делегациялар катышты. Жыйынга президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө 350 млн. калкы бар регион үчүн ЭКУнун ролу зор экенин, тараптар коопсуздукту камсыз кылууда жана Ооганстанды калыбына келтирүүдө кызматташуусу зарыл экенин белгиледи. Жыйындын соңунда соода-транспорт байланыштарын өркүндөтүү маселеси камтылган «Бишкек Коммюникеси» кабыл алынды. Бишкектеги жыйында ЭКУга мүчө болгон мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин төрагалыгын Түркия Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовго өткөрүп берди. Ушул эле күнү жыйынга катышкан делегациялардын жетекчилерин Өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаев кабыл алды.

XS
SM
MD
LG