Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

АКШда Ирактын курал-жарагы боюнча талаш күч алууда


Американын Сенатындагы Республикалык партиянын өкүлдөрү Ирактын курал-жарак программасына байланыштуу расмий иликтөө жүргүзүүнү колдобой турганын айтышты. Сенаттын чалгындоо комитетинин төрагасы Пэт Робертс Демократиялык партиядан шайланган конгрессмендердин бул маселеге байланыштуу сын пикирлери саясий максаттарды гана көздөйт деп эсептейт. Шаршембиде Сенаттагы демократтардын лидери Багдаддын аскерий арсеналы боюнча кеңири иликтөө жүргүзүүгө үндөп, Иракка каршы согуш ачыш үчүн Вашингтон убагында чындыкты бурмалап койгон деп билдирген. Азырынча Сенаттагы эки атаандаш партиянын өкүлдөрү бул маселе боюнча бир пикирге келише элек.

XS
SM
MD
LG