Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

ЖЫЙЫРМА БИРИНЧИ КЫЛЫМДАГЫ КУЛЧУЛУК


Нарын АЙЫП, Прага 11-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчылыгы - адамдарды бир өлкөдөн башка өлкөлөргө мыйзамсыз алып өтүп, аларды эркине каршы иштетүү маселесине арналган кезектеги докладды жарыялады. Докладда - бул маселени чечүүгө жетиштүү аракет көрбөй жатат деген мамлекеттердин тизмеси да бар жана ага быйыл Казакстан, Өзбекстан жана Түркия да кирди.

Докладды тартуулап жатып, АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кулчулукту соңку замандын эң кейиштүү көрүнүшү деп атады: "Жыйырма биринчи кылымда азаттык менен демократия ар бир континентке жетип жатканда, он миңдеген адамдын, алардын ичинде аялдар менен балдардын укуктары бузулуп, алар кулга айландырылып жатканы эч кандай адамкерчиликке жатпайт."

АКШ мындай докладдарды мындан үч жыл мурда чыгара баштаган жана анда дүйнө өлкөлөрү үч төпкө бөлүнөт. Биринчи топко - адамдарды чек аралардан мыйзамсыз алып өтүүгө каршы жетиштүү күрөш жүргүзгөн мамлекеттер кирет, экинчи топтогу мамлекеттердеги абал 100 пайызга жакшы эмес, бирок алар дагы мындай кулчулукка каршы бир кыйла аракет көрүп жаткандар.

Үчүнчү топко болсо - адам кулчулугуна каршы жетиштүү чара көрбөй жаткан өлкөлөр топтолгон жана аларга каршы Америка Кошмо Штаттары ар башка саясий жана экономикалык чектөө киргизиши мүмкүн. Кандай чектөө салыш керек экенин 1-октябрга чейин президент Жорж Буш чечүүгө тийиш жана чектөө кирсе, АКШ андай өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү менен гана чектелип, башка экономикалык жардам же инвестиция жасабай калат.

Өткөн жылдагы докладда Орусия үчүнчү топтогу мамлекеттер катарына кирген, бирок бир жыл ичинде өлкө жетекчилиги атайын мыйзам долбоорун даярдап, кулчулукка каршы күрөш баштагандыктан, быйылкы докладда Орусия экинчи топко которулду. Даярдалган мыйзам үстүбүздөгү айда кабыл алынууга тийиш.



Адамдардын сатылышына жана мыйзамсыз ташылышына каршы жетиштүү аракет көрбөй жатат деген үчүнчү топко 15 мамлекет кирди, алар - Белиз, Босния, Гаити, Грекия, Грузия, Доминика, Казакстан, Куба, Либерия, Мьянма, Өзбекстан, Судан, Суринам, Түндүк Корея жана Түркия. Куба, Судан же Түндүк Кореяда эч кандай адам укуктары сыйланбаганы белгилүү, бирок бул тизмеге НАТО уюмуна мүчө Грекия менен Түркиянын кошулганы эч кимди тынчсыздандырбай койбойт.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен бул кара тизмеге Грузия, Казакстан жана Өзбекстан кошулган. Докладда келтирилген маалыматтарга караганда, Өзбекстандын 80 пайызга жакын калкы жакырчылыкта жашайт, алар күнүнө бир доллардан кем табат. Өлкө аркылуу Араб Эмираттарына, Түштүк Корея, Тайланд, Израил, Косово, Малайзия жана Казакстанга көптөгөн адам кулчулукка сатылат. Казакстан аркылуу болсо чет өлкөлөргө - Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары сатылат, бирок өлкө парламенти 15-майда - адамдарды чек аралардан мыйзамсыз алып өтүүгө каршы чараларды көргөн жаңы мыйзам кабыл алды.

Грузия аркылуу болсо кулдар негизинен Грекия, Араб Эмираттары жана Түркияга сатылат, андан тышкары 300 миңге жакын адам өлкөнүн өзүнүн ичинде жер которууга аргасыз болгон. Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен Литва гана биринчи топтогу өлкөлөр катарына кошулган, калган жумурияттар экинчи топто, бирок Азербайжан менен Түркмөнстан боюнча маалымат жок.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө негизинен жаш аялдар Араб Эмираттарына, Алмания, Грекия, Кытай жана Түркияга алып чыгылып, сойкуканаларда иштетилет. Кошуна Өзбекстан менен Тажикстандын кыздары дагы Кыргызстан аркылуу алып өтүлөт. Кыргызстандын эркектери болсо негизинен кошуна Казакстанга барып, кулчулукка тете кызматтарда иштетилет. Бардыгы болуп дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 900 миңге жакын адам чек аралар аркылуу мыйзамсыз алып өтүлөт.

XS
SM
MD
LG