Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

ЖАМЫЙЛА МУРАТОВА: «МЕН ЫРДАБАЙМ, ЖҮРӨГҮМ ЫРДАЙТ»


«Музыка – менин сүйүүм, обондорум – батпас күнүм, ырларым - өчпөс үнүм» - деп, 31 жылдан бери дүйнөлүк, улуттук музыканын казанында кайнап, суугуна тоңуп, ысыгына күйүп келе жаткан таланттуу обончу, таанымал эстрада ырчыларынын бири – Жамыйла Муратова. Ал күлгүндөй курагын обон чыгарууга, музыка жазууга, ырдоого арнап келет.

Жамыйла Муратова 1966-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө туулат. Кезегинде атасы да, энеси да Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринде иштейт. Ошол себептенби, болочоктогу музыкант 6 жашынан тартып ордо калаадагы П. Ф. Шубин атындагы музыкалык мектептин фортепиано классында окуйт. Аны ийгиликтүү бүтөөрү менен өзү сүйгөн аспабынын сырларын дагы тереңирээк билиш үчүн М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын фортепиано классына өтөт. Студенттик жылдарында ар кандай концерттерге катышат. Дүйнөлүк классик жана кыргыз композиторлорунун түркүн стилдеги, түрдүү маңыздагы аспаптык чыгармаларын аткарат. Бирок, жаш музыкантты күн өткөн сайын обон чыгаруу, ырдоо өнөрү кызыктырат.

- Жамыйла айым, секелек кезиңизден ордо калаадагы Шубин атындагы музыкалык мектептин, бой тартканда Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын фортепиано классын бүтүрдүңүз. Эмне үчүн пианист болбой обон чыгарып, ырдап калдыңыз?

- Мен кичинекей кезимден эле фортепианодо ойногонду, коштоосунда ырдаганды жакшы көрчүмүн. Кийин акыл кирип, ак-караны айра тааный баштагандан пианист болбой эле ырчы болоюн деп чечтим. Бирок, фортепианону такыр таштаган жокмун. Байыркы аспаптын бүтүндөй сырын билем. Азыр деле жаш жеткинчектерге фортепианодон сабак бергенге жарайм.

- Алгачкы жолу кайсы обонуңузду сахнада ырдап чыктыңыз?

- Обонду 16-17 жашыман баштап чыгара баштадым. Акын Турар Кожомбердиевдин кычыраган кыштын сулуулугун сүрөттөгөн «Айлуу түндө» аттуу ырына алгачкы обонумду чыгардым. Менин биринчи сынчымды апам деп эсептейм. Апама обонумду ырдап бердим. Кубанып кабыл алды. «Жакшы акындардын ырларына обон чыгар. Сенден келечекте бирдеме чыгат», - деди. Ошондон баштап обон чыгарып, ырдай баштадым.

Ошентип, жаш шайыр залкар акындардын ырларына обондорду биринен сала бирин жазат. Элдик обондордон наар алган ар кандай маңыздагы «Ак кайың», «Каркыралар», «Өчкөн махабат», «Сен кечиктиң», «Кызгалдак», «Унутпа», «Сизге» аттуу жана башка мукамдуу обондогу ырлары карапайым угуучулардын ооздон түшүрбөй ырдаган ырларына айланат.

1990-жылдан тартып Жамыйла обончу-ырчылыктын, аткаруучулуктун артынан сая түшөт. Аваздык чыгармачылыктын миң түркүн кереметтерин, үндөрдүн түрлөрүн, жекече көркөмдөп ырдоонун кооз үлгүлөрүн, тигил же бул ырды назданта аткарууну, сахнада өзүн алып жүрүүнү мыктылап билиш үчүн Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик өнөр институтунун хор-дирижерлук классында окуйт. Аны 1992-жылы ийиликтүү аяктайт.

1993-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын музыкалык редакциясында редактор болуп иштейт. Ар кандай кызыктуу музыкалык берүүлөрдү, оюн-зоокторду уюштурат. Айрыкча Жамыйланын «Жылдыздардын студиясы» аттуу автордук музыкалык түрмөгү көгүлтүр экрандын көрүүчүлөрүнүн арасында зор кызыгууну туудурат. Ондогон жаш таланттардын ыр дүйнөсүндөгү бактысын ачат.

Жаш шайыр өз теңдүү калемдештеринен обондорунун аваздык көп түстүүлүгү, салабаттуулугу, тереңдиги менен айырмаланат. Жамыйланын экинчи дагы бир өзгөчөлүгү - шаарда туулуп-өсүп, орус тилдүү мектептерди, жогорку окуу жайын бүтсө да, кыргыз акындарынын ырларынын «тишин ачып, жонун баса» талдап, тандап алып обон чыгарат. Автор ырларын өзгөчө кумарланып, бүтүндөй жан-дүйнөсү менен берилип, эргип, сөздөрүн жутпай, таптаза, ар бир ыргагын, созмолорун жалбырттап-жанып ырдайт.

Таанымал обончу-ырчы 1991-2001-жылдары «Тянь-Шань-91», «Бишкек ыр десте», «Ысыккөл-97», «Ысыккөл-2001», «ХХI кылымдын жылдыздары», Түркияда өткөн «Биз бизге Бензериз» аттуу фестивалдарга катышат. Алардын лауреаттарынан болот.

1999-жылы Муратова Ысыккөлдөгү «Кыргыз деңизи» эс алуу жайынын алдына «Кыргыз деңизи» аттуу эстрадалык топ уюштурат. Жаш жаамат профессионалдык чеберчилигинин жеткилеңдиги, аткарган чыгармаларынын тереңдиги, кызыктуулугу менен угармандардын урматына ээ болот.

- Жамыйла айым, кийинки убакта көптөгөн угармандардын арасында «кыргыз эстрадасына Батыштан жаңы агымдар, стилдер келип кире баштады. Бара-бара кыргыздын улуттук музыкасынан кол жууп калабыз го» деген сыяктуу тынчсызданган пикирлер да айтылып келет. Бул жөнүндө сиздин оюңуз кандай?

- Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кыргыз музыкасына Европадан жаңы агымдар, стилдер, жанрлар келе баштады. Өзүңүз жакшы билесиз, Совет доорунда Батыштын рок, поп, жаз, шоу музыкаларын угууга, көпчүлүккө тартуулоого тыюу салынып келген. Азыр болсо эч кандай бөгөт жок. Ар ким өзүнүн каалаган ырын ырдайт, каалаган музыкасын угат. Бардыгына жол ачык. Ошондуктан, Батыштан ар кандай музыкалык чыгармалар келип атат. Бул жакшы. Аларды жаштар уксун, билсин. Бирок, өзүбүздүн каныбыздан жаралып, жаныбыз менен бүткөн улуттук музыкабызды унутпашыбыз керек. Биз айылдарга гастролдорго чыкканда көптөгөн таланттуу улан-кыздар менен жолугабыз, аңгемелешебиз. Бизде ошондой жаштардын талантын таптап өстүрө турган шарттар жокко эсе болуп, көңүл бөлүнбөй калды. Көптөгөн клубдар, маданият үйлөрү иштебей, таланып-тонолуп жоголду. Менимче өкмөт, маданият жетекчилери камкордук көрүшпөсө, руханий дөөлөттөрүбүздөн кол жууп калышыбыз мүмкүн.

- Ак дилден баардашканыңызга чоң ырахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
XS
SM
MD
LG