Бүгүн Брюссель шаарында Сербия менен Черногория НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк "программасына катышууга расмий түрдө арыз берет. Өлкөнүн коргоо министри Борис Тадичтин айтымында, Сербия менен Черногориянын жамааттык коопсуздук системасына кириши - Балкандагы тынчтык үчүн маанилүү. Слободан Милошевич бийликтен кулатылгандан бери, мурдагы Югославиянын жаңы бийликтери өлкөнү батыштык институттарга интеграциялоонун үстүндө иштөөдө. НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына кошулуу - Сербия жана Черногориянын саясатындагы стратегиялык максаттардын бири.