Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Парламенттик делегация эларалык жыйындарга катышууда


БИШКЕК. 16-июнда Орусиянын Москва шаарында ЕврАзЭстин парламенттик ассамблея боюнча бюросунун жана КМШнын парламенттер аралык ассамблея кеңешинин жыйындары башталды. Ага Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жетектеген делегация катышууда. Палатанын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бул күнү кыргыз делегациясы менен Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Геннадий Селезнов, Федерация жыйынынын төрагасы Сергей Миронов жана КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын төрагасы Евгений Кротов менен жолугушту. Анда парламенттер аралык кызматташуу тууралуу сөз болду. Парламенттик делегация 18-июнда Санкт-Петербург шаарында өтүүчү 7-экономикалык форумга катышып, анда спикер Алтай Бөрүбаев сөз сүйлөйт. Экономикалык форумга Кыргызстандан премьер- министр Николай Танаев баштаган өкмөттүк делегация да катышат.

XS
SM
MD
LG