Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Министрлик менен Европа комиссиясы меморандумга кол коюшту


16-июнда каржы министрлигинде Азык-түлүк коопсуздугу программасынын алкагында кыргыз өкмөтү менен Европа комиссиясынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Ага ылайык Европа комиссиясы быйылкы жылы Кыргызстанга 9.5 млн евро өлчөмүндө гранттык жардам берет. Меморандумга кыргыз тараптан каржы министри Болот Абилдаев, Европа комиссиясынын атынан элчи Алан Вадамс кол койду. Грант Кыргызстанга үч бөлүк менен түшүп, анын алгачкысы июль айынын аягында берилет. Гранттын 60% эмгек жана социалдык жактан калкты коргоо министрлиги тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого, жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалса, 40% айыл чарбасына багытталат. Кыргызстан Азык-түлүк коопсуздугу программасынын алкагында Европа комиссиясынан 1996-жылдан бери гранттык негизде жардам алууда, анын жалпы көлөмү өткөн жылы 52 млн еврого жеткен.

XS
SM
MD
LG