Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Парламент өкмөт тууралуу мыйзам талкуусуна киришти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 16-июнда «Өкмөт жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын долбоорун кароого киришти. Премьер-министр Николай Танаев депутаттарга кат жолдоп, мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырууну өтүнгөн. Палата кароосуна өкмөттүк долбоордон сырткары депутат Марат Султанов жана Алишер Сабиров даярдаган эки долбоор да кошо сунушталды. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов «долбоор комитетте каралган эмес» деп, аларды кароого каршы болгонуна карабай, палата аларды талкуулоого киришти. Өкмөт сунуштаган долбоор тууралуу маалымат берген биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мыйзам Конституциянын жаңы редакциясынын талаптарына ылайык даярдалгандыгын, палатанын тиешелүү комитети менен өкмөттүн ортосунда эки маселе: «парламент өкмөт курамын түзүүгө бир тизме боюнча макулдук берет жана салыкка байланышкан бардык мыйзамдарды өзгөртүү укугу өкмөткө берилет», деген жоболор боюнча гана пикир келишпестиктер болгондугун кабарлады.

XS
SM
MD
LG