Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

КЫРГЫЗСТАН АКЫЙКАТЧЫСЫНА АКЧА ЖОК


Чолпон Орозобекова, Бишкек 16-июнда «Кабар» агенттигинде Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу маалымат жыйынын өткөрүп, алты айлык ишинин жыйынтыгын угузду. Алты айдын аралыгында 800дөн ашык жаран Акыйткачыга кайрылган. Турсунбай мырзанын айтымында, эларалык уюмдар Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун Орто Азия мамлекеттеринин ичинен үлгү аларлык жогорку деңгээлде уюшулгандыгын баса белгилешет. Бирок буга карабай, Кыргызстандагы Акыйкатчынын ишмердүүлүгү токтоп калуу коркунучунда...

Жакында эле бардык дубандарда кеңсесин ачкан Турсунбай Бакир уулу ишине тоскоол балгон айрым жагдайларга кападар. Талас жана Нарын дубандарындагы Акыйкатчынын регионалдык кеңсесинде төбөдөн суу таамп, эчак чириген полу сынып түшчүдөй болуп тургандыктан, Турсунбай мырзанын айтымында, алардын «босогосун аттагандан киши коркот». Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн мындай мамилени Акыйкатчы күткөн эмес. Ал эми мыйзам боюнча өзү имарат тандап, ижарага алууга же сатып алууга укугу жок.

Акыйкатчы институту түзүлгөндөн бери мамлекеттик казынадан 4 миллион сом бөлүнгөн. Бишкектеги жана дубандардагы кеңселери менен өндүрүмдүү иштеши үчүн Турсунбай Бакир уулу бир жылга кеминде 25 миллион сомдун тегерегинде акча керек деп эсептейт.

- Мыйзам боюнча Акыйкатчы өзү сунуш кылган каражатты өкмөт менен парламент бекитип бериши керек. Былтыр бир аты-жөнүн билгизгиси келбеген адам 4 миллион сом бекитип коюптур. Мыйзамды окуп көрбөсө керек. Биз көп каражат сурабайбыз. Кызматкерлердин орточо айлыгына , имаратты үстүрт ремонт жасаганга жана иш сапарларга жетсе болду. Буга болжолдоп эсептеп көрсөк бир жылга 23- 28 миллион сомдун тегерегинде каражат зарыл экен,- дейт Турсунбай мырза.

Акыйкатчы депутат кезден минген эски «Волгасы» менен жүргөнүн айтат. Азырынча автомобилди кеп кылбаганда да, элден түшкөн арыздын изи менен фактыны изилдеш үчүн дубандарга адистерди жөнөтүүгө каражат жок. Акыйкатчы тез арада казынадан акча бөлүү зарылдыгын айтып, президент менен, Жогорку Кеңештин спикерлери жана каржы министри менен жолукту. Турсунбай мырзанын ырастаганына караганда, баары тең түшүнүү менен кабыл алып, маселенин орчундуу экендигине муюшкан. Акыйкатчы Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясынын күн тартибинде бул маселе жоктугуна тынчсызданды. Эгер кыргыз бийлиги каражат таппаса июнь айынан кийин Акыйкатчы институтунда иштегендер маянасыз калат. Акыйкатчы бардыгын акы төлөнбөгөн шартта аргасыз эс алууга жөнөтүүгө мажбур болорун айтты. Акыр Акыйкатчынын билдиргенине караганда, казынадан бөлүнгөн 4 миллион сом каражат түгөндү. Бириккен Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын келечек жылдарга багытталган 160 миң доллар техникалык грантынан башка азырынча эларалык донорлордон жардам боло элек. Ансыз деле эларалык уюмдардын мактоосуна арзып аткандан кийин казынаны эле карап отурбай адам укугу боюнча долбоорлорду жазып грант менен жан бакса болот беле деген суроо туулат. Акыйкатчынын айтымында, арзыбаган маянага долбоор жаза билген адистер деле токтобойт экен.

- Грант менен деле бул институтту көтөрсө болот. Жакында эле долбоор жазган мыкты адисти жумушка алгам. Бирок, качкындар боюнча иштеген эларалык уюм чоң айлык коюп берип алып кетип калды. Маяна аз болгондон кийин адистер токтобойт экен, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

Жаңы ачылып атканда Акыйкатчынын кеңсесисине жумушка орношууну каалагандар көп болгон. Эларалык маанидеги уюм болгон менен, маянасы мамлекеттик бюджеттин алына жараша болорун ал кезде аңдашкан эмес. Азыр аппарат башчысы гана 4 миң сом албаса, калганы 500 сомдон 3 миң сомго чейинки айлыкка иштешүүдө. Дубандарда ачылган регионалдык офисте иштөөгө жумушсуз жүргөн мугалимдер, ветеринарлар же китепканачылар макул болушууда. Ал эми зарыл болгон юридикалык билими бар мыкты кадрларды мындай айлык менен кармаш кыйын. Ошентип 16-июнда Турсунбай Бакир уулу эларалык коомчулукка жар салынып, адам укугунун сакталышына кепил болот деп үмүт байлап ачылган Акыйкатчы институту жабылып калышы ыктымал деген кыязда коңгуроо какты.

XS
SM
MD
LG