Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Кыргызстанда Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттик түзүлмөк болду


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун жардамы менен Кыргызстанда Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттик түзүлөт. Бул максатта БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын аткаруучу директорунун орун басары Сумру Ноян эртең Кыргызстанга келет. Бүрсүгүнү Сумру Ноян премьер-министр Николай Танаев менен жолуккандан кийин Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттик түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлат. БУУнун баңгизаттарга каршы күрөш боюнча улуттук координатору Бахтияр Мамбетовдун айтымында, Бириккен Улуттар Уюму бул максатта 6 млн. 300 миң доллар бөлмөкчү. Жаңы орган президент Аскар Акаевдин демилгеси менен Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик комиссиянын базасында түзүлүүдө. Кыргызстанда былтыр 2 тонна 900 кг баңгизат кармалган, бирок бул өлкөнүн аймагы аркылуу өткөн баңгизаттардын 1% гана түзөт.

XS
SM
MD
LG