Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

АКШ Ооганстанга активдүү көмөктөшпөсө, бул өлкөнү кайрадан анархия капташы мүмкүн


Америкалык экс-дипломаттар менен Борборазия боюнча эксперттер даярдаган докладда айтылгандай, Вашингтон Хамид Карзайдын өкмөтүнө кошумча жардам көрсөтүүгө тийиш. Мунсуз азыркы ооган өкмөтү коопсуздукту бекемдеп, бүлүнгөн экономиканы тикелей албайт. Докладдын теңавторлошу, АКШнын Индиядагы мурдагы элчиси Франк Уиснер өткөн жылы бардык чыгымдардын, анын ичинде жардамдардын он алты проценти гана өкмөт аркылуу үлөштүрүлгөндүгүн белгилеп, мындай жалчыбаган каражат менен өкмөт кандайдыр бир максаттарды чече алары күмөн деп билдирди. Докладда эл аралык коопсуздук контингентинин мандатын кеңейтүү зарылдыгы да айтылат.

XS
SM
MD
LG