Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Депутаттар КООРТ телеканалына нааразы болуп жатышат


БИШКЕК. Жекшемби күнү КООРТ телекомпаниясы аркылуу көрсөтүлгөн «Эркин тоо» аттуу телеберүүнүн мазмуну парламент депутаттарынын арасында олуттуу нааразылык жаратууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бүгүн Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилерине бул маселени териштирүүнү сунушташты.
КООРТ телеканалы көрсөткөн «Эркин тоо» телеберүүсү парламенттин ишмердүүлүгүнө арналган. Анда Мыйзам чыгаруу жыйынында тууганчылык менен коррупция өөрчүп кеткендиги айтылып, буга байланыштуу Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков өңдүү депутаттардын аттары аталган. Айрым депутаттар КООРТ телеканалы президенттин күйөө баласына таандык экенин, аталган берүү атайын буюртма менен даярдалганын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG