Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Т.Тургуналиевдин арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган жок


БИШКЕК. 23-июнда Бишкек шаардык сотунун судьясы Рысбек Шүкүралиев «Абийир туткундары» гильдиясынын президенти Топчубек Тургуналиевдин апелляциялык арызын карап, бирок аны канааттандырбай, Биринчи Май райондук сотунун үстүбүздөгү жылдын 16-майындагы чечимин күчүндө калтырды. 16-май күнү Топчубек Тургуналиев Аксы окуясында курман болгон жарандардын энелери менен Өкмөт үйүн көздөй баратканда милиция тарабынан кармалып, соттун чечими менен, санкциясыз митингге катышкан деп 1000 сом айыппулга жыгылган. Райондук соттун мындай чечимине нааразы болгон Топчубек Тургуналиев Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Эми Топчубек Тургуналиев Жогорку сотко арызданаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG