Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Бишкекте химиялык куралдардан калкты коргоо жолдору окутулууда


БИШКЕК. 23-июнда Бишкекте химиялык куралдардан калкты коргоо боюнча үч күндүк семинар өз ишин баштады. Тышкы иштер, экология жана өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен химиялык куралдарга тыюу салуу боюнча эларалык уюм биргелешип өткөрүп жаткан бул семинар министрликтердин, тармактардын эксперттерин окутуу максатын көздөйт. Кыргызстан БУУнун Химиялык куралдарды жасоого, сактоого, топтоого жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндөгү конвенциясын ратификациялап, ага байланышкан мыйзамга президент ушул жылдын 29-апрелинде кол койгон. Учурда өлкө калкты ууландырууга жөндөмдүү химиялык заттарды пайда кылуучу ыктымал техногендик кырсыктардан, химиялык же башка массалык кыргын салуучу куралдарды пайдалануучу террордук чабуулдардан коргоо боюнча үч жылга эсептелген Борбор Азиядагы регионалдык долбоорго катышууда.

XS
SM
MD
LG