Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Баткен окуясында жашырылган курал-жарактар табылды


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагындагы Итиаз капчыгайында жашырылган курал-жарактарды табышты. Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Чынара Асановадан 23-июнда алынган маалыматка караганда, «чекисттер» курал-жарак көмүлгөн жерди Баткен шаарынан 160 чакырым алыстагы, деңиз деңгээлинен 3000 метр бийикте жайгашкан тоолордун арасынан 19-июнда табышкан. Курал-жарактар Пакистан, Иран жана Советтер Союзунан чыгарылган, андыктан күч органдары аларды 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында Кыргызстанга кол салган жоочулар алып кетүүгө үлгүрбөй, катып кетүүгө аргасыз болушкан деп болжошууда. Азырынча, курал-жарактардын маркасы, тиби тууралуу маалыматтар сыр катары сакталууда. Чынара Асанованын айтымында, куралдардын арасында Калашников автоматынын 680 огу бар.

XS
SM
MD
LG