Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Майрам Акаева журналисттерди жаңы китеби менен тааныштырды


БИШКЕК. «Мээрим» фондунун төрайымы Майрам Акаева кечээ Кыргызстанда иштеген жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жаңы жарык көргөн «Үмүттүн шооласы өчпөйт» («У надежды не бывает ночи») аттуу китебине байланышкан суроолорго жооп берди. 17 бөлүмдөн турган көлөмдүү бул китепке М. Акаева замандаштарына, президенттин ишмердүүлүгүнө, улуттук баалуулуктарга байланышкан кол жазмалар топтомун киргизген. Акыркы бөлүм президенттин үй-бүлөсүнө арналат.
Президенттин жубайынын китеби Орусиядагы «Воскресенье» басмасынан 10 миң нуска менен май айында жарык көргөн. Анын алгачкы бет ачаары Санкт-Петербургда июндун башында өткөн.

XS
SM
MD
LG