Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Күч органдары коопсуздук маселесин талкуулашты


БИШКЕК. Кечээ Башкы прокруратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы биргелешкен коллегия өткөрүп, анда коомдук коопсуздукту сактоо маселелери талкууланды. Коллегияда негизинен диний экстремизм жана эл аралык терроризм маселелерине көңүл бурулду. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Борис Полуэктовдун журналисттерге билдиргенине караганда, каттоодо турбаган «Хизбут-Тахрир» диний-саясий партиясынын тарапкерлери өз ишмердүүлүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүшүүдө. Анын айтымында, мындай көрүнүштөр Ош, Жалалабад облустарынан тышкары Ысыккөл, Чүй жана Талас облустарында да байкалды. Күч органдарынын өкүлдөрү Мусулмандар башкармалыгынын бул маселеге кайдигер мамиледе болуп жатканын белгилешти. Б.Полуэктов журналисттерге: «Өткөн жылдын этегинде «Оберон» базарында жана быйылкы жылдын май айында Ош шаарында болгон жардыруулар «Түркстан ислам кыймылынын» (мурдагы «Өзбекстан ислам кыймылынын») колунан келгени далилденди», - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG