БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт Үйүндө президент Аскар Акаев менен Коллективдүү коопсуздук кеңешинин баш катчысы Николай Бордюжанын жолугушуусу өттү. Жолугушууда Коллективдүү Коопсуздук Кеңеш Уюмунун быйыл 28-апрелде Дүйшөмбү шаарында болгон жыйынынын чечимдеринин аткарылышы талкууланды. Жолугушуудан кийин журналисттердин «Кант аба майданы канча убакыттан кийин уюмдун толук кандуу авиабазасы болот?» деген суроосуна Николай Бордюжа: «Азырынча Кант аба майданынын укуктук статусун аныктаган келишимге кол коюла элек, андыктан авиабазанын же Орусияга, же Кыргызстан менен Орусияга тиешелүү болоору азырынча белгисиз», - деп жооп берди.