Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Бүгүн Баткен облусунда Даниянын Качкындар иши боюнча кеңешинин өкүлдөрү болушту


БАТКЕН. Аталган кеңештин өкүлдөрү Фергана өрөөнүндө этникалык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүп жаткан «Эл аралык толеранттуулук» фондунун Баткен облусундагы иштери менен таанышты. Мындан тышкары, алар облустагы бейөкмөт уюмдардын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышты. «Эл аралык толеранттуулук» фонду Даниянын Качкындар иши боюнча кеңешине Фергана өрөөнүндөгү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн коңшулаш үч өлкөнүн ушул өрөөндөгү бейөкмөт уюмдары менен биргелешип иштөөчү тармак түзүү тууралуу долбоор сунуш кылган. Аталган кеңештин өкүлдөрүнүн сапарынын негизги максаты - жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышуу. Алар буга чейин Тажикстандын Согди облусунда болуп келишкен. Меймандардын сапары эртең Өзбекстандын Фергана облусунда уланат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG