Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Инвестициялык III саммит өз ишин баштады


БИШКЕК. Бүгүн Чолпонатада III инвестициялык саммит эки күнгө белгиленген ишин баштады. Ал эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, чет мамлекеттердин Кыргызстанда иштеп жаткан өкүлдөрүнүн жана элчилеринин, инвесторлордун катышуусунда өтүүдө. Жыйынга Орусиянын мурдагы премьер-министри Егор Гайдар да катышып, Орусиянын салык реформасы боюнча тажрыйба алмашты. Иш-чарада чет өлкөдөн түз инвестиция тартуунун укуктук негиздерине, акыйкат башкарууга байланышкан маселелер талкууланып жатат. Ошондой эле бул отурумда инвестициялык 3-матрицанын жыйынтыгы чыгарылып, 4-матрицанын долбоору талкууланат. Саммитте президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, өлкөгө түз инвестиция тартуу ишине оң баа берди. Былтыр Кыргызстанга 116 млн. доллар түз инвестиция тартылган. Алардын басымдуу бөлүгү өндүрүшкө жумшалган.

XS
SM
MD
LG