Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Парламент комитети адам сөөгүн экспорттоо маселесин көтөрдү


БИШКЕК. Кылмыш кодексине каза болгон адамдын сөөгүн экспорттоого байланышкан мыйзамсыз аракеттерге карата жазаны күчөткөн берене киргизүү зарыл. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбековдун пикири ушундай. Ал жетектеген экономикалык саясат жана ишкердик комитети ушул эле күнү адам сөөгүн экспорттоо маселесин Саламаттык сактоо, Юстиция министрликтеринин, Медициналык академиянын алдындагы морфология жана полимердик технологиялар институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулады. Комитет жыйынында белгилүү болгон маалыматтарга караганда, 1997-2001-жылдары Кыргызстандан кароосуз калып, каза болгон 500 адамдын сөөгү Германияга жөнөтүлгөн. 29 тонна салмактагы бул сөөктөрдүн 14 тоннасы кайтарылган. Мындай иш-аракеттер Медициналык академия менен Гейдельберг шаарындагы Пластинация институтунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык ишке ашкан. Макулдашууга 1996-жылы кол коюлган. Комитет адам сөөктөрүн экспорттоо маселесин териштирүү боюнча биргелешкен комиссия түзүп, анын ишинин жыйынтыгын парламентке алып чыгууну чечти.

XS
SM
MD
LG