Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

БАГДАДГА РЕВИЗОРЛОР БАРАТАТ


Пентагон Иракка көз карандысыз эксперттерден турган текшерүүчүлөр бригадасын жөнөтүп жатат. Ревизорлор Багдаддагы америкалык администрация жана жалпы эле коалиция мүчөлөрү Ирактын экономикасы менен инфраструктурасын кайра тикелөө боюнча өздөрүнө алган милдеттенмелерин кандай аткарып жатканын текшерип чыгышат.

Текшерүүчүлөрдүн бригадасына ООНдун,эл аралык мамилелер боюнча кеңештин (CFR) адистери жана башка коомдук уюмдар менен институттардын эксперттери тартылды. Ревизорлорго согуштан бүлүнгөн Ирактын экономикасы менен инфраструктурасын кайра тикелөө боюнча Кошмо Штаттары, коалиция мүчөлөрү өздөрүнө алган милдеттенмелерин кандай аткарып жатканын териштирип, кырдаалга калыс баа берүү милдети табышталды. Акыркы кездерде америкалык администрацияны Ирактагы оккупациялык иштерге жетерлик деңгээлде даярдык көрбөгөнү үчүн айыптаган аракеттер күч алды. Оппоненттер согуштан кийин Иракта түзүлгөн социалдык кыйын-кычык жагдайды ушундай шалаакылыктын натыйжасы деп эсептешет.

Жакында британдык абройлуу Kroll консалтинг тобу Ирактагы социалдык-экономикалык жагдайды иликтеп чыгып, анын натыйжаларын жарыялады. Отчетто көрсөтүлгөндөй, Ирактагы жалпы абал азыр бычак мизинде аласалып турат. Америкалык утурумдук администрация кырдаалды жөндөй алган жок,деп айтылат отчетто.Тескерисинче, ири масштабдагы социалдык тоз-тополоңдор үчүн жетерлик омок түзүлө баштады. Kroll тобу коалициянын мүчөлөрү, айрыкча Вашингтон администрациясы Иракта либералдык-капиталисттик демократия сымактанган тартип орнотконго оңду-солду убада берип келгенин эске салып, мындай режим бул өлкөдө жакынкы аралыкта барпаа болоруна эч кандай негиз жок, деп тыянак чыгарган.

Kroll тобунун корутундулары баарыдан мурда ирак экономикасын кайра куруу иштерине капитал салгысы келген коммерциялык структуралардын үшүн үркүттү. Ири инвесторлорду өзгөчө мунай тармагындагы саботаждар, америкалык жана коалициялык аскерлерге кол салуу актылары катуу чочутту. Алардын камтамачылыгын басып,көңүл жайгаруу үчүн АКШнын аскерий башкы мекемеси иштин жайын калыс адистердин жардамы менен иликтеп көрүүнү чечти.

Вашингтондогу эл аралык жана стратегиялык иликтөөлөр борборунун жетекчиси, бир кезде Пентагондо иштеген Жон Хамре америкалык коргоо мекемесинин бул чечимин абдан жөндүү кадам катары баалады. Пентагон бизди көмөккө чакырганы өтө дурус иш болду, деп айтты ал. Бейтарап эксперттер, Хамренин айтымында, Ирактагы кырдаалды ар тараптан таптиштеп көрүп,калыс баасын айтканга даяр. Ревизорлордун командасы беш кишиден турат. Аларды Багдадда америкалык утурумдук администрациянын башчысы Пол Бремер өзү тосуп алганга сөз берди. Текшерүү иши бүткөнчө ревизорлорду америкалык аскерлер коштоп жүрмөкчү.

Азырынча Иракта Kroll тобунун докладында айтылган пикирлер күн сайын жаңы фактылар менен бышыкталып жатат. Бейшемби күнү эле Багдад менен аэропортту туташтырган кан жолдо америкалык аскерлердин автокербени буктурмага кабылып, эки жоокер окко учту, дагы тогузу жарадар болду. Ошол эле күнү Пентагон Багдаддын кутпа тарабындагы Балад шаарында америкалык эки солдат дайынсыз жоголуп кеткендигин бышыктады. Жоокерлер күзөт пунктунда турушкан, бирок кечинде алардын дарегин таппай калышты. Командачылык азыр аларды издеп жатат. Бул иш боюнча шек санаткан үч киши кармалды.

Иракта согуш бүткөндөн бери эле америкалыктар 20дай, ал эми британдыктар алты солдатын жоготушту. Коалициялык күчтөргө кол салуу аракеттери тыйылбай жатат. Жума күнү Нежеф шаарына чукул жерде дагы бир америкалык солдат набыт болгону айтылууда. Бир катар байкоочулар бул көрүнүштү Иракта америкалык жана британдык аскерлерге каршы партизандык уруштардын башталганын билдирген ишке жоруп жатышат.

XS
SM
MD
LG