Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:38

Америкада байыркы көчмөн кыргыздардын тукумдары жашайбы? Жакында биздин радиого келген кат мына ушундай суроого түрткү берди. Америкалык профессор Рик Кыржыска атасы "биз европалык көчмөн кыргыздардын тукумубуз" деп айтчу экен. "Азаттыкка" берген интервьюсунда Кыржыс анын ата-бабалары сибирлик кыргыздардан болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу окумуштуулардын көз караштары кандай болду экен?

Жаңыл Жусубжан: Рик Кыржыс – Виржиния штатындагы Вашингтон жана Ли (Washington and Lee University) университетинде юридикалык факультетте сабак берет. Ал - эл аралык мыйзам боюнча бир катар макала, китептердин автору. Электрондук почта менен жиберген катында профессор көзү өтүп кеткен атасы ага "биз Борбордук Европадан Түштүк Германияга келген көчмөн кыргыз уруусунан болобуз" деп айтканын жазды. Мен Виржинияга телефон чалып, профессордун өзү менен байланыштым.

Рик Кыржыс: - Менин атым Кыржыс. Германияда жашап өткөн ата-бабаларым "кыргыз" деп аталса керек, муну мен так билбейм. "Кыржыс" деген АКШда өтө сейрек кездешкен ысым. Мен бул ысымды алып жүргөн бир нече гана кишини билем. Сүрүштүрө келсек, алардын айрымдары бизге тууган болуп чыкты, азыраагы бөлөк адамдар экен.

Жаңыл Жусубжан: "Кыржыс" деген ысымды алып жүргөн адамдар бүгүн АКШдан тышкары Грекияда, Францияда жана Британияда кездешет экен, сиз бул аттын кайдан келип чыкканын билесизби?

Рик Кыржыс: - Мен мунун кайдан чыкканын билбейм. Ата-энем АКШда туулган. Чоң атамдын атасы көптөгөн жылдар мурда Германиядан келген экен, биз так датасын билбейбиз.

Жаңыл Жусубжан: Рик Кыржыстын кызы Жулиана үй-бүлө санжырасын бир топтон бери иликтеп жүрөт. Өмүрлүк жолдошунун фамилиясын алган Жулиана Макнеллейден мен Америкада канча Кыржыс бар экенин сурадым.

Жилиан Кыржыс: – Мен муну так билбейм, болгондору баары эле бир-бирибизге тууган окшойбуз. Бирок Кыржыстардын (АКШга) келгенине көп убакыт болгон сыяктанат. Менин чоң атамдын чоң атасы Кошмо Штаттарына Германиядан 1850-жылдары келген. Ал көз жумганда сакталып калган күбөлүк кагаз колумда турат. Ага чейинки документтерди таба алган жокмун. Менин чоң атам бир ирет (АКШдагы) бардык Кыржыстар тууган болушат деп айткан.

Жаңыл Жусубжан: Америкадагы Кыржыстар Интернетте атайын баракча ачып, ошол жакта кат алышып турушат. Бул баракчага жазгандардын баардыгы туугандар бекен?

Жилиан Кыржыс:- Ооба, баары туугандар. Бирок бул толук ырастала элек. Алардын айрымдары Германияда калган урук-туугандарын да табышыптыр. Алардын Германияга кайдан келгенин билгим келет. Ал эми менин чоң атамдын чоң атасынын көз жумгандыгы тууралуу күбөлүктө ал Германиядагы Бадингем деген шаардан келгендиги жазылган. Анын аты Жэкоб (Jacob, кыргызда Жакып) болгон экен. Бадинген деген шаарды мен бүгүнкү Германиянын картасынан таба алган жокмун. Бул 1841-жылы болгон окуя, балким ал шаар азыр жоктур.

Жаңыл Жусубжан: Сиздин чоң атаңыз "биз Борбордук Европадан Түштүк Германияга келген көчмөн кыргыздардын тукумубуз" деп айтчу экен. Башка Кыржыстардан ушул тууралуу сураштырып көрдүңүзбү?

Жилиан Кыржыс:- Бир ирет сураштыргам, бирок эч ким "ооба биз да ушундай деп уккан элек" деп айткан жок. Бир аял Кыржыс деген грек ысмы болуш керек деген. Бирок башка эч кимден Кыржыс деген гректердики деп уккан жокмун. Мен Кыржыс "кыргыз" дегенден эле чыккан болуш керек деп ойлойм, анткени экөө бир эле сөз болуп жатпайбы.

Англис тилинде "ж" тамгасы "ж" деп да, "г" деп да окулат.

Жилиан Кыржыс:- Менин ата-энем "Кыржыс" дешет, башкалар фамилясын "Кыргыз" дешет. Менимче акыркысы туура айтылганы болсо керек.

Жаңыл Жусубжан: Жулиана Макнеллей француз тилинен сабак берет. Азыр мугалимдерди даярдоо темасында докторлук эмгегин жазып жатат. Өмүрлүк жолдошу медицина институтунда окуйт. Экөөнүн Стив (12), Майк (10) деген уулдары, Грейс (8) деген кызы бар.

Ошентип, Европадан келип, азыр Америкада жашаган Кыржыстар байыркы көчмөн кыргыздардын тукуму болушу мүмкүнбү? Мен бул суроону бир катар адистерге узаттым.

Сабыр Аттокуров – белгилүү этнограф, тарыхчы, кыргыз санжырасын казып изилдеген аалым. Ал менин суроомо "жок" деп кесе жооп берди.
Сабыр Аттокуров: - Бул боюнча эч кандай документ жок. (Азырынча мындай деп ырастоого) эч кандай негиз жок. Бул айрым адамдардын гана ою, божомолу болушу мүмкүн.

Ал эми кыргыз таануучу, немис окумуштуусу Гундула Салк кыргыздардын Германияга барып калыш мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок:

Гундула Салк:- Польшанын түндүк-чыгышында татарлар бар. Бүгүн алар поляк тилинде сүйлөшөт, бирок татар иденттүүлүгүн сактап калышкан. Украинада да татарлар бар. Советтик доордо алардын айрымдары Татарстанга көчүп кетишкен. Польшадагы татарлар ал жакка 16-кылымда Алтын ордо талкалангандан кийин сүрүлүп барган болуш керек. Алар менен кошо Польшанын аймагына кыргыздар да барып, айрымдары Германияга көчүп кеткен болушу ыктымал.

Жаңыл Жусубжан: Европада кыргыздардын тукумдары Адилхандын доорунан калган болушу мүмкүнбү? Айрым санжырачылар гунндардын 5-кылымда жашап өткөн каны Адилхан же Атилла кыргыздын ата-бабасы болгон деп айтышат. Мындай ырастоо канчалык негиздүү болушу мүмкүн?

Гундула Салк: – Мен антип ойлобойм, анткени гунндардын арасында кыргыз же башка этникалык топтор болгону тууралуу бизде эч кандай далил жок. Адамдын атынан ата-тегин билүү мүмкүн эмес. Албетте, жер-суунун аталышынан улам, (тигил же бул жерде кыргыздар болгонун) болжолдосо болот. Мисалы, Түркиянын батышында Кырккыз деген жер бар. Бирок Түркияда "кырккыз" деген эмнени түшүндүрүшү мүмкүн, бул жаңы атпы, мурдатан калганбы биз билбейбиз. Муну биз аталышынан гана мындай же тигиндей деп айта албайбыз.

Ал эми гректердин арасында кыржыс же кыргыз деген ысымдын болушун кантип түшүндүрүү мүмкүн? Канткен менен ал жакка кыргыздардын барган эмес да.

Гундула Салк: - Искендер Зулкарнайндын заманында ошол кездеги гректердин (борбор азиялык) кыргыздар менен алакасы болгон болушу мүмкүн. Байыркы грек мифологиясында алар "варварлар" деп атаган борбор азиялыктар туурасында көптөгөн ишараттарды таба алабыз. Кыргыздар менен байыркы гректердин алакасы тууралуу "Тарыхтын атасы" саналган Геродоттун жазгандарынан да издеп көрсө болот. Бирок мунун бүгүнкү гректер менен байланышы жок болсо керек.

Жаңыл Жусубжан: Мен бул жааттагы чакан иликтөөмдү Азаттыктын Кыргыз редакциясынын директоруна көрсөттүм. Анда сөз тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегинде.

Тынчтыкбек Чоротегин: - Менимче, жогорудагы кыргыз таануучу Гундула Салк айым, этнограф профессор Сабыр Аттокуров агай, америкалык Кыржыстар айтып өткөн пикирлердин ар бири астейдил мамилени талап кылат. Ал эми кыргыз таануу илиминин азыркы акыбалына келсек, бир чети, эгемендик доорунда бул тармак Кыргыз өкмөтүнөн кубаттуу саясий колдоо тапты. Экинчи чети, адистердин жетишсиздиги, дилетанттардын арбындыгы, илимпоздордун каржылык чамасынын чарк экендиги кендирди кесүүдө. Болбосо, тээ 13-15-кылымдарда Итил боюна, Урал тоосунун этегине чейин жеткен кыргыз топтору тууралуу маалыматтарды андан тереңдеп иликтебейт белек. Дешт-и Кыпчакта – даркан Кыпчак талаада жалаң эле кыпчактар болгон эмес, алардын арасында айрым кыргыз уруулары деле болгон. Европалыктар “коман” деп, орустар “половец” деп атаган бул этностун европалык тарыхын иликтеген бир да кыргыз тарыхчысы жок. “Манаста” кытайлашып кеткен Көзкамандын тукуму жөнүндө сөз жүрөт, бирок кытайлашып же монголдошуп кеткен кыргыз топторун атайын иликтеген бир да аракет болгон жок.
Ошондуктан, колдо болгон материалдар менен чектелбестен, улам жаңы этнографиялык маалыматтарды иликтөө абзел. АКШдагы Кыржыстардын түпкүрү бүдөмүктөнүп кеткен үй-бүлөлүк санжырасын да көз ачып-жумгуча четке какпастан, алардын европалык чиркөөлөрдөгү болжолдуу санжыралык изин иликтешибиз керек. Албетте, Парагвайды Баракбай деген кыргыз негиздептир деген анекдоттордун деңгээлине түшүү жарабайт, бирок буга чейин кыргыз таануу жаатын ыкшоо өнүктүргөнүбүздү да моюнга алуу керек. Кыргыздын тарыхый диаспорасы маселесине, менимче, бир чекит эмес, көп чекит коюп, биздин тарыхый мейкиндигибизди, башка элдер менен этностук алакаларыбызды ар тараптуу иликтөө алгылыктуу.

Жаңыл Жусубжан: Бул жаатта жаңы демилгелер барбы?
Тынчтыкбек Чоротегин: - Албетте, бар. Гундула Салк менен Мамбеттурду деген инибиз, кийинчерээк ономаст Кадыралы Конкобаев Кытайдын түндүгүндөгү Хэйлуңжан провициясына, Фуйү уездине барып кайтышты. Ушул тапта Арабаев атындагы педуниверситет менен Кыргыз улуттук университетинин жана Хакас университетинин, Алтайдын окумуштуулары биргелешип, Саян-Алтай аймагы боюнча этнографиялык экспедицияда жүрүшөт. Демек, көч башталды деп айтсак болот.

Жаңыл Жусубжан: - Рик Кыржыстын кызы Жулиана кийин мага "Кыргызстан жөнүндө дайым кабар алып турууга аракеттенем, силер жиберген Интернеттеги дарек боюнча "Азаттык" радиосунун программаларын угуп жатам" деп кат жазды. Быйыл августта кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайы болот десем, бизди чакырса барат элек деп калды. Aл ошондой эле Америкадагы кыржыстардын санжырасын изилдөөнү улантып, жаңы табылга болсо, кабар берип турууга убада кылды.

Америкалык кыржыстардын генеалогиясы тууралуу Интернет баракчасынын дареги: http://genforum.genealogy.com/kirgis/

Жулиана Макнеллейдин электрондук адреси: julianne-mcnalley@uiowa.edu
XS
SM
MD
LG